“Жергиликтүү бюджеттердин абалы жакшы эмес” дейт депутат Дыйканбаев

19-майда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин көчмө жыйыны өттү. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев азыркы мезгилде жергиликтүү бюджеттерди өзүн өзү камсыз кылуу принцибине өткөрүү багытында эки тепкичтүү бюджетке өткөндөн бери жакшы аракеттер болбогонун айтат. “Бюджеттик саясат жергиликтүү бюджеттерди колдоп жатканы менен, анын натыйжасы азырынча жакшы эмес”,- дейт ал. Депутаттын айтымында, акыркы 7 жыл аралыгында 31 шаардын ичинен 29унун бюджети өзүн өзү камсыз кылып иштесе, 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 70и гана өзүн камсыздайт. Аларды колдоо үчүн теңдештирүүчү гранттардын суммасы жылдан-жылга көбөйүп, 2014-жылы 1 298 824,5 миң сом каралганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан