Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча өкмөт атайын программа иштеп чыгат   

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча Евразиялык экономикалык комиссия менен 10 жолу отурум өттү. Муну бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда экономика министри Темир Сариев билдирди. “Азыркы сунушталып жаткан жол картасы - сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Евразиялык экономикалык комиссия менен бир катар талаш маселелерди макулдаштык”,- деди министр. 

Бажы биримдигине өлкөнүн киришине байланыштуу өкмөт атайын программа иштеп чыгарын кошумчалаган Сариев: “Биримдикке жөн эле кирип кетпейбиз. Айыл чарба, тейлөө, соода-сатык, жеңил өнөр жай тармактары боюнча атайын программа иштелип жатат”,- деп билдирди.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши: пайда жана зыяны” деген темада парламенттик угуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан