Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-майда өткөн жыйынында өкмөттүн 2013-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчёту каралып, вице-премьер-министр Эльвира Сариева баштаган бир катар министрлердин маалыматтары угулду. Эльвира Сариева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү кирешенин кепилденген минимуму ушул жылдын ноябрь айынан тартып 680 сомдон 705 сомго көтөрүлөт. Бул эсепти 735 сомго чыгаруу да сунушталып жаткандыгын кошумчалады. Жөлөк пулдар маселесине келгенде айрым жаш үй-бүлөлөр карыган ата-энесин карап, алар менен бирге жашаганы үчүн өз балдарына тиешелүү жөлөк пул алуудан куру калып жатышканы айтылды.
Талкууда депутат Ыргал Кадыралиева таштанды балдардын тагдырына токтолду. "Ата-эне мээримине зар болгон балдардын келечегин ойлобосок, ал балдардын айланасында боштук пайда болуу коркунучу кооптондуруп жатат. Анткени алардын көпчүлүгү кылмыш дүйнөсүнө аралашып, абактарга гана барбаса, айланчыктап айла таба алышпайт",- дейт депутат. Жыйынтыгында өкмөттүн 2013-жылдагы социалдык багытта аткарган иштерин угуп, комитет маалыматты эске алуу чечимине келди.