"Кытай Кыргызстандан экологиялык таза продукцияларды алууга даярдыгын билдирди" деди Алмазбек Атамбаев

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-майда Шанхайда Кыргызстандан барган журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сүйлөшүүдө негизинен Кытайга болгон мамлекеттик иш сапардын жыйынтыктары тууралуу сөз болду. 
"Алдыга эмне максаттарды коюп келген болсок, анын дээрлик баарына жетиштик" деп билдирди ажо. Ошондой эле коопсуздук маселелери, соода-экономикалык мамилелер, энергетика тармагы, автожолдорду куруу жана ишке берүү боюнча кызматташуу, макулдашуулар жөнүндө айтылды.
"Эки өлкө ортосундагы соода алакасында Кыргызстан импортту көп алат. Кытайга экспорт өтө аз деңгээлде. Си Цзиньпин бул маселени түшүнүү менен кабыл аларын, Кытай Кыргызстандан экологиялык жактан таза сырьёлорду алууга даярдыгын билдирди. Ал мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, койдун, уйдун этин алууга даярдыктарын айтты. Эми кыргыз айыл чарбасындагы өндүрүшчүлөр мындай мүмкүнчүлүктөрдү кандай пайдаланышарын, канчалык бат реакция кылып алып кетишерин көрөбүз",- деди өлкө башчы.
Бул иштерге жол ачуу үчүн мамлекеттик иш сапардын жүрүшүндө ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча меморандум кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан