Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, кайсы бир шарттар менен келише албай калган учурда биримдиктен кайра чыгууга укугу болот. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 20-майда парламенттик угууда билдирди. “Азырынча жол картасынын долбоорун гана карап жатабыз. Сүйлөшүүлөр дагы уланат. Биримдиктен чыгуу укугу болот”,- деди өкмөт башчы.
Парламенттик угууга катышкан ишкерлердин көпчүлүгү өлкөнүн аталган биримдикке киришин колдой турганын билдиришти.