Бишкектеги Октябрь районунун аймагында жыл башынан бери автоунаалардын дөңгөлөктөрүн уурдоо боюнча 15 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Октябрь районунда автоунаалардын дөңгөлөктөрүн уурдоо башка аймактарга салыштырмалуу көбүрөөк катталат. Маселен, ушул жылдын башынан бери аталган райондо дөңгөлөк уурдоо боюнча 15 факт катталып, анын тогузунун бети ачылган. Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын унааларын кароосуз калтырышы кылмышка себеп болуп жаткандыгы айтылууда.