Бишкекте "Сокулук районунун тургунун тоноду" деген шек менен 6 кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда билдирди.
Милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 25 жаштагы Жылдыз аттуу тургуну кайрылып, Рыскулов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз кыздар күч колдонуп эки уюлдук телефонун жана 300 АКШ долларын тартып алышканын маалымдаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары борбор калаанын 16 жаштагы Айдана, 18 жаштагы Айпери жана 19 жаштагы Гүлмайрам, Айпери, Альбина, Миргүл аттуу тургундары кармалды. Иликтөө учурунда аталган кыздар ушуга окшош башка кылмыш ишине да тиешелери бар экендиги ачыкталды. Иликтөө улантылууда.