"Ажырашып кеткен аялынын уюлдук телефонун жана акчасын тартып алган" деген шек менен 25 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 20-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Сокулук районунун 25 жаштагы Олеся аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, анын мурунку күйөөсү күч колдонуп акчасын жана 800 АКШ долларына бааланган уюлдук телефонун тартып алганын кабарлаган. Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Олесянын мурунку күйөөсү, 1989-жылы туулган Ш.Помыткин кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.