Жалал-Абаддын Достук аймактык башкаруусунда апта сайын өтүүүчү жыйын орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ага аймактык башкарууга тийиштүү кызматкерлер катышты. Анда шаар аймагындагы тазалыкты сактоо, ишембиликтерди байма-бай өткөрүү, көп кабаттуу үйлөрдүн эскилиги жеткен чатырларын алмаштыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.
Достук аймактык башкаруусунун жооптуу катчысы Маданбек Адыкуловдун айтымында, биринчи маселе шаар көчөлөрүн иретке келтирүү болуп эсептелет.
«Учурда кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте иштеп жатабыз»,- деп кошумчалады ал.