Ала-Бука районунда 2 чарбалык субъектте тартип бузуулар аныкталып, 43 миң сом суммасына бааланган 862 бөтөлкө арак алынды  

Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында жеке ишкер «Кристалл алко» жоопкерчилиги чектелген коомунун үлгүсү алдында шектүү акциздик маркасы менен алкоголь ичимдиктерин чыгарып келген. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен, Жалал-Абад облустарынын аймагында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз өндүрүштөрдү жана алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүнү аныктоо максатында рейддик салык көзөмөл жүргүзүшкөн.

Рейддин алкагында аталган аймакта алкоголь ичимдиктерин чыгарган 32 чарбалык субъекттин ишмердүүлүгү текшерилген. Натыйжада 32 чарбалык субъекттин экөөсүндө тартип бузуулар аныкталып, жалпысынан 43 миң сом суммасына 862 бөтөлкө арак алынды.  

Ал эми Баткен шаарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 540 бөтөлкө ичимдик табылган.  

Маалыматта белгиленгендей, алынган өндүрүштүн үлгүлөрү тиешелүү талаптарга жооп бере тургандыгын жана сапатын аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча материалдар тиешелүү органдарга чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан