Өлкө башчы Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү менен жолугушту

Бүгүн, 20-майда Алмазбек Атамбаев Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдагы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү жана комитеттин саясий-юридикалык комиссиясынын катчысы (КЭР күч органдарынын жетекчиси) Мэн Цзяньчжу менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды. 

Министр Мэн Цзяньчжу президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. “Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздук тармагында жетишилген бардык макулдашууларды аткарууга жана эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигибизди билдирип кетейин”,- деди Мэн Цзяньчжу. 

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев "Кыргызстан менен Кытай коопсуздук тармагында кызматташуусун улантат жана терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы биргелешкен күрөштү уланта берет" деп белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан