Токмок шаарында 71 жаштагы Н.В. аттуу кемпирди сабаган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББи билдирет. Аталган пенсионер Токмок шаардык ИИБге арыз менен кайрылган. Анда айтылгандай, 9-январда саат 12:00дөр чамасында Ульяна аттуу аял анын үйүнө кирип, себепсиз сабаган. Бул факты боюнча Токмок шаарынын тургуну Ш.У. кармалып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары Сокулук райондук ИИБге 8-январь күнү 38 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну Д.Р. төрт кыз себепсиз катуу сабагандыгын айтып арызданган. Жабырлануучунун айтымында, аны 6-январда 17:00дөр чамасында Кант шаарынын тургундары Динара, Асел, Алина жана Айдана аттуу кыздар себепсиз сабашкан. Учурда бул иш боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.