Алмазбек Атамбаев Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсүнө берген маегинде кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги тууралуу айтып берди 

Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Шанхай Кызматташуу Уюмунун эл аралык-укуктук кызматташуу боюнча квалификацияны жогорулатуучу базасынын курулушу башталган жерге таш орнотуу салтанатына катышты. 

Кытайдагы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү жана комитеттин саясий-юридикалык комиссиясынын катчысы (КЭР күч органдарынын жетекчиси) Мэн Цзяньчжу ШКУнун азыркы базасы уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташуу үчүн жакшы шарттарды түзөрүн белгиледи. 

Президент Алмазбек Атамбаев түш оодарып Кытайга жасаган мамлекеттик сапарында коштоп жүргөн кыргызстандык журналисттердин суроолоруна жооп берген соң, Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсүнө (ССТV) интервью берип, кыргыз-кытай мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги туурасында айтып берди. 

Эртең, 2014-жылдын 21-майында мамлекет башчысы Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан