Бишкек мэриясы Свердлов райондук администрациясы жана медициналык мекемелери менен бирге жаңы конуштардын жашоочуларын жана базарда иштегендерди акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Муну бүгүн, 20-майда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүдөн аталган райондогу конуштардын тургундары гана өтүшөт. Текшерүү 21-майда саат 10:30да Ак-Бата жаңы конушунда болот. Дарыгерлер тобун төмөнкү адис ээлери түзөт: терапевт, педиатр, кардиолог, акушер-гинеколог, маммолог, невропатолог, хирург, лор, уролог-эндокринолог, стоматолог, УЗИ дарыгери.
500 адамдын текшерүүдөн өтөрү болжолдонууда. Мэрия аталган райондогу конуштардын жашоочуларын акцияга активдүү катышууга чакырат.