“Кыргызстандын окуу жайларына тапшырган чет өлкөлүк жарандар бир жылдын ичинде орус же кыргыз тилин үйрөнүп алышса жакшы болмок эле”,- деп айтты бүгүн, 20-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Билим берүү министри Канат Садыков.
Анын айтымында, башка мамлекеттердеги университеттерде окуш үчүн студенттер анын окуу жайы жайгашкан өлкөнүн тилин билиши зарыл. “Кыргызстанда окуу үч тилде өтөт. Учурда англис тилинде да сабактар жүрүп жатат. Ошондуктан маанилүү медициналык же техникалык кесиптерге тапшыргандар сөзсүз түрдө бир жылдын ичинде окуу кайсы тилде өтсө, ошол тилди үйрөнүп алса болмок. Бизге пакистандыктар, индустар жана башка улуттагы жарандар окууга келишет. Аларга тил үйрөтүүчү программаны түзүшүбүз зарыл”,- деди Садыков.