Жоомарт Оторбаев коррупция менен күрөшүү боюнча: "Президентте, премьер-министрде жана парламентте саясий эрк бар"

Бүгүн, 20-майда премьер-министр Жоомарт Оторбаев коррупцияга каршы күрөш боюнча Координациялык кеңештин жыйынына катышты. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы өз докладында өкмөттүн коррупция менен күрөшүүдөгү ишинин жыйынтыгы коомдук колдоого байланыштуу экендигин айтты.

“Алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн негизги түрткүсү - коомдун колдоосу жана мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуудагы ачыктык”,- деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министрдин айтымында, жарандык коомдун бардык тармакта жигердүү катышуусу коррупция менен күрөшүүдө кошумча дем берет.

“Коррупция менен күрөшүү коомдун бардык тармактарында, бейөкмөт уюмдар арасында талкууланууга тийиш. Саясий эрктин болушу учурда коррупция менен күрөшүүнүн башкы элементи эмес. Саясий эрк бардык бийлик бутактарында бар. Ал президентте, премьер-министрде, Жогорку Кеңеште бар”,- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан