Юстиция министри Мыйзам чыгаруу окуу борборунун ачылышына катышты

Бишкекте 20-майда КРнын Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов КРнын Юридикалык академиясынын базасында түзүлгөн Мыйзам чыгаруу окуу борборунун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине КРнын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, КРнын Президентинин аппаратынан, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратлен жана Улуу Британия элчилигинин Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Рой Уилсон катышышты.

“Юриспруденция чөйрөсүндөгү жогорку билим берүү окуу жайларынын алдынкыларынын биринин базасындагы Кыргызстандагы биринчилерден болгон Мыйзам чыгаруу окуу борборунун ачылышы мыйзам чыгаруудагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды, коррупциялык жоболорду жокко чыгаруучу сапаттуу мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча жогорку даражадагы адистерди даярдоого мүмкүндүк берет”,- дейт А.Шыкмаматов.

Мыйзам чыгаруу окуу борбору Кыргыз Республикасындагы ченем жаратуу процессин шайкеш келтирүү жана кабыл алынган мыйзамдардын сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан