Өкмөттүн ишин элдин ишеними менен бааласа болот. Мындай пикирин премьер-министр Жоомарт Оторбаев коррупцияга каршы күрөш боюнча Координациялык кеңештин 20-майдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, өлкөнүн көпчүлүк жарандары өкмөттүн эмне иш жасап жатканынан кабары жок.
Оторбаев өкмөттүн ишин көрсөтүү үчүн “Министр байланышта” кампаниясы башталганын белгиледи.
“Акыркы айда министрлер менен мекеме жетекчилери менин тапшырмам менен 2014-жылдагы иш пландарын элге түшүнүктүү сөздөр менен жеткирүүгө аракет кылышты. Бул жөнөкөй көрүнгөн иш татаалдыгы менен белгилүү болду. Эми министрлер “коом менен келишимди” жакында толук иштеп чыгышып, жалпы коомчулукка жеткиришет”,- деди премьер.