Маалыматка ылайык, кармалгандардан диний-экстремисттик мүнөздөгү китеп, барак, дептер, дисктер, күндөлүк, блокнот, компьютердик процессор, китепче, флеш-карта сыяктуу тыюу салынган 400гө жакын окуу материалдары табылган.
Ошондой эле “Хизбут-Тахрир” уюмунун идеясын жайылтуу боюнча 11 факты ачыкка чыккан. Алардын 6 фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 5 факты диний экспертизага берилген. Мындан сырткары 2014-жылдын 4 айы боюнча жасалган ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагында 2 чагымчылдык уюм белгилүү болгон.