“Луганск Элдик Республикасы” Украинада өтүүчү президенттик шайлоого байланыштуу бардык шайлоо участкаларын жапты. Муну бүгүн, 20-майда чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Маалыматка таянсак, Луганск активисттери “Луганск Элдик Республикасынын” аймагында шайлоонун өтүшүнө каршы чыгышарын айтышууда. Алар Украинадагы президенттин шайлоону мыйзамсыз деп эсептешет.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 11-майында Луганск жана Донецк облустары Украинанын курамынан чыгып, өзүнчө көз карандысыз аймак болуу максатында референдум өткөрүшкөн.