“Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн өзүнө эч качан милдеттеме алган эмес. Ошондой эле бүтүндүгү үчүн эч кандай кепилдик бере албайбыз”,- деп билдирди Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Муну ал 20-майда орусиялык телеканалдарга берген маегинде айтты.
“Биз эч кимге эч кандай кепилдик бере албайбыз. Анткени биз Украинадагы маселе боюнча өзүбүзгө милдеттеме алган эмеспиз. Украинадагы абалды кимдир бирөө жайгарат деп да кепил боло албайбыз”,- деди Медведев.
Анын айтымында, негизги максат - Украинанын ичиндеги абалды жайгаруу. “Биз ал жакта эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Жарандык согуш, дагы башкалары болууда. Биз эмне тууралуу ойлонушубуз керек экендиги көрүнүп жатат”,- дейт орус өкмөт башчысы.
Эскерте кетсек, Будапешт меморандумуна ылайык, 1994-жылы Украина ядорлук программадан баш тартканда АКШ, Орусия, Улуу Британия Украинанын эгемендүүлүгүн, ошондой эле коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убадалашкан.