“Талас менен Баткен Манастын жердеген мекени туураалуу тартышууда” деп билдирет ЮСЭИДдин жергиликтүү калкты өнүктүрүү боюнча программасынын Баткен облусу боюнча координатору Нурболот Мадымаров. “Баткен облусунун калкынын айтымында, "Манас" эпосундагы айрым окуялар дал ушул жердеги Адеген, Мандеген жана Кара-Тоо деген тоолордо болуп өткөнү айтылат. Манаска колуктусу Каныкейге Талас аркылуу эмес, Баткен аркылуу баруу оңой болгон”,- дейт ал. Координатордун айтымында, Баткен шаарынын четинде Таластагыдай эле Манастын элеси түшүрүлгөн “Манас ордо” комплекси бар. Манастын эстелиги Баткенде 1987-жылы тургузулган. Ал эми калган айкелдер 2002-жылы орнотулган”,- деп кошумчалады Н.Мадымаров.