Депутаттар былтыркы кышка карата министрликтерди каржылоо канааттандырарлык болбогонун айтышты     

20-майда Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында калкты былтыркы кыш мезгилине даярдоо жөнүндө өкмөттүн тийиштүү токтомунун аткарылышы боюнча маселе каралды. Бул маселе боюнча энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Кубанычбек Турдубаев маалымат берип, суроолорго жооп берди. Комитет жыйынында былтыркы кыш мезгилине отун даярдоо боюнча министрликтер менен ведомстволорду каржылоо маселеси канааттандырарлык болбогону айтылды. Мындай кемчиликтерге жол берген тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо маселеси да көтөрүлдү.

Депутат Кожобек Рыспаев жылытуу системиндеги ишканалардын ортосундагы бири-бирине болгон карыздар өсүп жатканын, аны чечүү зарылдыгын билдирди. Жыйынтыгында өткөн жылдагы кышка отун камдоо боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышындагы министрликтер менен ведомстволорду каржылоо жана түштүк жергесин жаратылыш газы менен камсыздоо маселеси канааттандырарлык эместиги белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан