Жоомарт Оторбаев Канаданын министри Линн Еличти кабыл алды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 20-майда Канаданын эл аралык мамилелер жана консулдук маселелер боюнча министри Линн Еличти кабыл алды. Жолугушууда Елич өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарынын максаты тууралуу премьер-министрге маалымат берди. Эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөнүн зарылдыгын белгиледи. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жоомарт Оторбаев Канада менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө өкмөт улуттук кызыкчылыктарды эске аларын билдирди. Жолугушуу канадалык тараптын өтүнүчү менен болгону айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан