20-майда өкмөттө "Коопсуз шаар" долбоору боюнча кеңешме өттү. Анда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин аталган долбоорго техникалык анализ жүргүзүү боюнча Ички иштер министрлигине берген сунушунун аткарылышы талкууланды. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн тендердин биринчи турунун жыйынтыгы соттун чечими менен жокко чыгарылганы айтылды. Маматалиев коомдук жайлардагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бул долбоорду ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи. Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жаңы тендер жарыялоону пландап жатат.