Балыкчы – Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-май күнү 16:05 чамасында Кубакы аймагында жол кырсыгы катталган. Анда Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Анын ичинде 8 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн, ал эми калгандары андан баш тартышкан.