Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаз-Кечүү айылынын тургундары атайын кайрылуу менен келишти.
Маалым болгондой, бул айылда 800гө жакын адам жашайт. Ушул мезгилге чейин электр энергиясы жете элек. Советтер Союзунун мезгилинен бери бул айылдын тургундары бийлик башчыларына өз үндөрүн жеткире албай жүрүшкөндүктөрү маалым.
“Буга чейин бул айылга бир дагы министр же депутат келген эмес. Ошондуктан Ошто жайгашкан министрлик деп издеп келип сизге жолугуп отурабыз. Биздин айылдын көйгөйлөрүн мыйзам чегинде ӨКМ аркылуу чечип, силерге тиешеси жок маселелерди тиешелүү министрликтерге жеткирип берүүңүздү суранабыз”,- деди Жаз-Кечүү айылынын башчысы Замирбек Масиркулов.
Айыл тургундарынын айтымында, Жаз-Кечүү айылында электр энергиясынан сырткары азыркы күнгө чейин айылды район менен байланыштырган автоунаа жолу жок болгондугуна байланыштуу кыш айларында ат менен да каттоого мүмкүнчүлүк болбой калат.
Ошондой эле Жаз-Кечүү айылын аралап өткөн Тентек-Сай дарыясынын суусу катуу жаан жааган мезгилде селге айланып, айылдагы үйлөрдү каптап кетүү коркунучу бар болгондуктан, дамба куруу жана дарыяга көпүрө салуу зарылдыгы бар.
Айылдагы мектеп да кыйраган абалда. Мындан сырткары айылдын үстү жагындагы жерлер сүрүлүп, жаракалар пайда болгондуктан, тиешелүү адистерди жиберип, коопсуздугун аныктатып берүү боюнча сунуштарын айтышты.
Бул көйгөйлөрдү уккан өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин Өндүрүштүк-экономикалык башкармалыгынын башчысы Халилжан Маллаевге жана ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо департаментинин директору Турдубек Ажыбаевге маселени жеринде иликтеп, тез арада сунуш берүүнү тапшырды. “Министрликтен керектүү адистердин баарын алып, айтылган көйгөйлөр боюнча жеринде жергиликтүү калк менен бирге иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүп, 10 күндүк мөөнөттүн ичинде маселелерди чечүү боюнча мага конкреттүү сунуштарды киргизгиле”,- деди министр.