Бүгүн, 21-майда Мальдив аралдарында өтүп жаткан футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда Кыргызстан курама командасы Мальдив аралдарынын курама командасы менен кез келет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештин 2-турунда “А” тайпасындагы командалар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн сыноону улантышат. Алгачкы тур оюндарында Кыргызстан Палестинага утулса (1:0), Мальдив аралдарынын командасы Мьянмага уттуруп жиберген (2:3).
“А” тайпасынын беттештери (Бишкек сааты боюнча)
17:00. Мьянма - Палестина
22:00. Мальдив аралдары – Кыргызстан