Маалыматка ылайык, тиешелүү текшерүүлөрдөн улам уулануу тамак-ашка кошулган майонезден эмес, эт тарткан адамдан же малдагы сальмонеллёз инфекциясынан улам болгон.
Эске салсак, Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы Куланак айылында 13-майда ата-энесине куран окуткан Орозбек Исаковдун үйүнө 50гө жакын адам чакырылган. Анын ичинен 32си өзүн начар сезгендиктен, "ууланды" деп ооруканага жаткырылган.
“Чакырылгандарга муздак эт тартышкан. Аталган инфекция эт тартып жаткан же бузуп жаткан жаранда, же болбосо мал жандыкта болгон. Азыр ооруканага түшкөн жарандардын абалдары жакшы”,- деп белгилешет министрликтен.