Бишкектеги орус драма театрында "Эркин нике" пьесасынын бет ачары болот

Борбор калаадагы Ч.Айтматов атындагы улуттук мамлекеттик орус драма театрынын кичи сахнасында 22-23-январда италиялык драматургдар Диарио Фо жана Франки Раменин пьесасы боюнча “Эркин нике” спектаклинин бет ачары болот. Бул тууралуу театрдын арт-директору Елена Смирнова билдирди. Анын айтымында спектаклде 3 актер өз өнөрлөрүн тартуулашат. Алар - КРнын эл артисттери Владимир Москалев, Валентина Гилка жана театралдык мектеп-студиянын бүтүрүүчүсү, артист Дмитрий Малько. “Пеьса 1983-жылы жазылып, учурда классикалык спектаклге айланган”,- деп кошумчаларды Елена Смирнова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан