Нигерияда эки жардыруудан 118 адам каза тапты

20-май күнү Нигериянын Жос шаарынын эки жеринде болгон жардыруудан 118 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин курман болгондордун саны 46 киши экени айтылган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттик сөөктөрдүн көбү урандылардын астынан табылганын билдирди. Жардыргычтар колго жасалганы жана киши көп топтолгон аймакта токтоп турган жүк машинасында, автобуста жардырылганы маалым болду. Жергиликтүү бийлик жетекчилиги муну исламчыл “Боко Харам” экстремисттик тобу ишке ашырган болушу мүмкүндүгүн божомолдоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikol87
2014-05-21 11:38:37
:-( :-( :-( окунучтуу.
0
jypara1415
2014-05-21 12:33:33
Жаман болуптур .
0
ibragimkg
2014-05-21 14:01:15
ооба жаман болуптур мындай окуя биздин олкобуздо болбосо экен кара ниет менен акчага озунун кызыкчылыгы учун митинг уюштурган адамдардан алыс болушубуз керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан