Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоочу жайларга мэриянын буйругунун негизинде атайын комиссия курамы түзүлүп, эки күндүк рейд уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган текшерүү учурунда саламаттыкты сактоочу жайлардын көпчүлүгү авариялык абалда экендиги аныкталды.
Мындай рейдди уюштуруунун негизги максаты - саламаттыкты сактоочу жайлардын калкка көрсөтүп жаткан кызматы жана имараттарынын шарты менен таанышуу.
“Биздин мындай рейддерди уюштуруубуздун максаты - саламаттыкты сактоочу жайлардын элге көрсөтүп жаткан кызматтарын, имараттардын жарактуулугун, шаймандардын жетиштүүлүгүн текшерүү”,- деди Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри, комиссиянын төрайымы Айзат Раматиллаева.