“Жеке ишкерлер жогорку окуу жайларга бир да тыйын төлөбөй, “бизге даяр кызматкер керек” деп талаптарын айтышат” дейт Канат Садыков

“Кыргызстанда жеке ишкерлер жогорку окуу жайларга бир да тыйын төлөбөй, “бизге даяр кызматкерлерди даярдап бергиле” деп талаптарын айтышат”,- деп айтты кечээ, 20-мартта тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Билим берүү министри Канат Садыков.

Анын айтымында, СССР убагында студенттер окууну аяктагандан кийин иштеп, 2 жылдын ичинде жетекчи аны кетире алчу эмес. “Ушул убакыт ичинде жетекчи аны керектүү ыкмаларга үйрөтүп, өндүрүштө иштетип, тажрыйбалуу кызматкер кылууга милдеттүү болчу”,- деди министр.

Мындан тышкары ал “университеттин бүтүрүүчүсү даяр адис болуп чыгат” деген миф экенин баса белгиледи. “Бүгүнкү күнү Германияда гана бүтүрүүчүлөр адис болуп чыгышат. Анткени ал жакта студенттер окуу убагында сөзсүз түрдө практикадан өтүшөт. Учурда ушул германиялык системди Кыргызстандын бир нече ЖОЖдорунда киргиздик. Албетте, Германияда жумуш берүүчүлөр аларга кандай кызматкерлер керек экенин билишет. Ошондуктан университеттер менен тыгыз мамиледе кызматташат”,- деди Садыков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан