Бир жума аралыгында 42 килограмм 138 грамм баңгизат алынды

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы 11-майдан 17-майга чейин 5 баңги кылмышынын бетин ачып, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 42 килограмм 138 грамм баңгизат алынган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир жума аралыгында 5 килограмм 835 грамм героин, 4 килограмм 950 грамм марихуана, 31 килограмм 353 грамм прекурсор алынган.

13-май күнү Баткен облусунда Тажикстандын жараны кармалган. Аны текшерүүгө алган учурда жанынан 5 килограмм 835 грамм героин табылган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан