Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки милиция кызматкери С.Д. аттуу жаранды “зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутуп, 700 доллар талап кылышкан. Алар 13 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.