Бишкекке Санкт-Петербург шаарынын дарыгерлери иш сапары менен келишет
Январь айынын соңунда Бишкекке Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын дарыгерлери иш сапары менен келиши пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Орусиядан келүүчү онкология жана кардиология тармагында иштеген медицина адистери Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын "Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык" келишиминин алкагында иш-чаралар өткөрүлөт. Орусиялык делегация бишкектиктерге семинарларды өтүп, консультация берүү иштерин жүргүзөт.