Кыргызстанда диссертациялар китепканасынын бирдиктүү илимий-маалыматтык электрондук базасы түзүлөт

Бишкекте КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен КРнын Улуттук китепканасы биргеликте диссертациялардын электрондук китепканасын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Улуттук китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен КРнын Улуттук китепканасы диссертациялардын электрондук китепканасын түзүү боюнча келишимге кечээ, 20-майда кол коюшту. Келишимдин максаты - Кыргызстанда диссертациялар китепканасынын бирдиктүү илимий маалыматтык электрондук базасын түзүү.

Ошондой эле корголгон режимде электрондук диссертациялар китепканасынын авторефераттар жана диссертациялардын толук текстин көрүү үчүн жаңы программага өтүүнү камсыздоо болуп саналат.

Келишимдин негизинде КРнын ЖАК докторанттар, аспиранттар, изилдөөчүлөр менен лицензиялык келишим түзүп, КРнын УКнын ЭДКнын фондуна электрондук вариантын берет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан