Бишкектин Ала-Тоо конушунда зордуктаганга аракет кылган деген шек менен эки жаран кармалды
Кечээ милицияга Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылганын Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Арыз менен кайрылган 18 жаштагы айымды 1-ноябрь күнү түнкү саат 1лер чамасында Ала-Тоо конушунда 2 жигит зордуктоого аракет кылган. Изи сууй электе 23 жана 26 жаштагы мурун соттолбогон эки жаран кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.