Баткендин бир көчөсүн жарыктандыруу үчүн 5,9 миллион сом бөлүндү

Баткендин бир көчөсүн жарыктандыруу үчүн 5,9 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий сайтта жайгашкан.

Маалыматка ылайык, Муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу Баткен шаардык жергиликтүү башкармалыгы С.Садыков көчөсүн жарыктандырууга тендер жарыялаган. Аталган көчөнү жарыктандырууга 5,9 миллион сом каражат каралууда. 

Ал эми тендердик билдирмелерди ачуу 10-июнь күнү өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurando
2014-05-21 11:31:50
Оо жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан