Баткенде аксакалдардын жана улгайган энелердин демилгеси менен улуттар аралык мамилени чыңдоого чакырган атайын жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда облустук администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аксакалдардын аймакта туруктуулукту сактоодогу ролу да талкууланды. Андан тышкары аталган жолугушуунун катышуучуларынын бири айымдарды түрдүү митингдерге, нааразылык акцияларына катышпоого чакырды. Ошондой эле чек ара маселесин терең саясатташтырбоо жана чек арага байланыштуу чатактарга жаштарды, аксакалдарды жана айымдарды тартууга чек коюу тууралуу сөз болду.