Бишкекте “таксистти өлтүргөн” деп шектелип 3 жаран кармалды

Бишкекте “таксистти өлтүргөн” деп шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда күч органдары билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-май күнү Чолпон-Ата көчөсүндө Фольксваген унаасынын ичинен октон жараат алган адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран такси кызматында иштегени белгилүү болгон. Учурда аталган кылмышка шектелип 3 жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Бул маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы да тастыктады. Алар бул боюнча толук маалымат бир-эки күндүн ичинде белгилүү болорун айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан