Ажылыкка барууга 4 миңден ашык адам каттоодон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда маалымат жыйынында “Ажылык-2014” иш-чарасын уюштуруу штабынын башчысы Замир Ракыев билдирди.
Анын айтымында, каттоо иштери 12-июнга чейин жүрөт. “2014-жылдын ажылык сапарын уюштурууда ажыларды тандап алуу аймактык квотаны эске алуу менен чүчү кулак тартибинде жүргүзүлөт”,- деди ал.
“Эгер 2013-жылы бир квотага 3 адам катталса, быйыл андан да ашык болот деген божомолдор”,- деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, 12-майда каттоо иштери башталган.