Экономика министрлиги коңшу мамлекеттер менен кош салык салууну жоюу үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кош салык салуудан жаңылыштык болбош үчүн учурда Кыргызстан менен Улуу Британиянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүсүнүн биринчи бөлүгү өтүп жатат. Анда киреше жана капитал боюнча салык маселеси каралат.
Макулдашууда кош салык салуудан жаңылыштыктар кетпеш үчүн Кыргызстандын экономикасына сырттан инвестиция тартуу жактары да каралат.