Жаза аткаруу мекемелеринин айрым кызматкерлерине "камактагы адамды бошотуп жиберген" деген шек менен кылмыш иши козголду

Жаза аткаруу мекемелеринин жооптуу кызматкерлерине "мыйзамсыз түрдө камактагы адамды бошотуп жиберген" деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 2012-жылдын 15-августунда №32-жаза аткаруу мекемесинин башчысы Э.Д. абакта жаткан К.А. аттуу адамды мыйзамсыз түрдө бошотуп жиберген. Кийин К.А. өзү жашаган Көк-Жаңгак шаарына барып, ал жактан паспорт алган соң Орусияга Ош аэропортунан учуп кеткен. 

Ал эми 2012-жылдын 15-сентябрында №32-жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери Э.К., К.Д. жана Б.У. камактагы К.А. картотекалык текшерүүдө жок болуп чыккандыгы жөнүндө жасалма акт түзүшкөн. Анын негизинде аталган жаза аткаруу мекемесинин башчысы Э.Д. Мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин тергөө бөлүмүнө камактагы К.А. качып кеткендигин маалымдап, К.Ага издөө жарыяланган. Ушул жылдын 28-мартында К.А. чек арачылар тарабынан Москва-Ош эл аралык каттамынын документтерин толтурмакчы болуп жатканда кармалып, №42-жаза аткаруу мекемесине өткөрүлүп берилген. 

Бирок 29-март күнү №42-жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери "К.А. издөөгө алынып жүргөндүгүнө карабай өз каалоосу менен келди" деген жасалма акт түзүп, үйүнө коё берип жиберишкен. Учурда жогорудагы фактылар боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “кызмат милдеттеринен аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurgul-92
2014-05-21 18:15:57
Ujas ei bular emne taptakir ele ashmaltai bölüp kalan go emi alarakjazasin otogon jjok dagy kilmish kilat da bizde zakon hok depturup
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан