Бишкек мэриясы: "Аламүдүн районунда 84 гектар аянтка жаңы мүрзө куруу пландалууда"
Бишкектеги Түштүк-Батыш мүрзөсүндөгү бош жер аянтынын азайып баратканынан улам Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылына жаңы мүрзө куруу үчүн 84 гектар жер бөлүп берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Ички миграциянын күчөгөнүнөн шаар тургундарынын саны да жогорулап, аталган мүрзөдөгү бош орундар азайып бара жатат. Ошондон улам Бишкек шаардык мэриясы Чүй облустук администрациясы жана Аламүдүн районунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, жаңы мүрзө курууга жер бөлүп берүүнү макулдашкан. Мындай чечим Өкмөткө жөнөтүлүп, жакын арада чечиле тургандын маалымдайт мэрия.