Жайыл районунда 66 жаштагы адам "өз уулун өлтүрүп алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлерине бычактан жараат алган адам ооруканага бараткан жолдо каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийин милиция кызматкерлери каза болгон жаранды бычактаган адам өз атасы экендигин аныкташкан. Ыкчам аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1948-жылы туулган Айдарбек аттуу каза болгон жарандын атасы кармалган.
Тергөө учурунда кармалган адам күнөөсүн мойнуна алып, уулу ар убак ичип келип сабап, тоноп жүргөндүгүн жана ошол күнү да мас абалында сабап баштаганда коргонуу үчүн бычак көтөрүүгө аргасыз болгонун айтып берген. Учурда иликтөө уланууда.