Чүйдө "экскаватор унаасын айдай качкан" деген шек менен 64 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Константиновка айылынын аймагынан белгисиз адамдар Бишкек шаарынын тургунуна таандык болгон экскаватор унаасын уурдап кетишкен. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ленинское айылынын 64 жаштагы тургуну кармалган. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.