"Бишкектик жарандын үйүнөн баалуу буюм уурдаган" деп шектелип жаткан жарандардын дагы башка 5 кылмыш ишине тиешеси бар экени ачыкталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Милиция бөлүмүнө 26 жаштагы борбор калаанын Александра аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн кулпусун сындырып, баалуу буюмдарын уурдап кетишкенин кабарлаган. Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалынбек жана Куштарбек аттуу Бишкек шаарынын тургундары кармалган. Тергөө учурунда аталган жарандардын дагы башка уурулукка байланышкан 5 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги ачыкталган. Аталган окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.