Жалал-Абадда бош кызмат орундарына жарманке өтүп жатат

Бүгүн, 21-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы драма театрында бош кызмат орундарга жарманке өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аны Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмү, Жалал-Абад шаардык жаштар борбору жана YPEER, Jasa.kg уюмдарынын демилгеси менен уюштурулду. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан жумуш издөөнүн жолдору сыяктуу маалыматтар айтылып жатат.

Ал эми жарманкеде шаар боюнча 484 бош жумуш орду бар. Ага шаардын жаштары, жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп бүтүрүүчүлөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан