Токмок шаарынын төрөт үйүндө салмагы 5 килограммды түзгөн бала төрөлдү

Токмок шаарынын төрөт үйүндө 19-май күнү 38 жаштагы Назира Иманалиева салмагы 5 килограммды түзгөн уулдуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда массалык маалымат каражаттарынын бири жазып чыкты.

“Төрөт учурунда алгачкы жолу ооруну басаңдатуучу эпидуралдык анестезия колдонулду. Назира эс-учун жоготкон жок жана төрөттөн кийин бир нече убакыттан кийин туруп басты”,- деп билдирет Токмок аймактык ооруканасынын башчысы Бактыгүл Исаева.

Ал эми төрөт бөлүмүнүн башчысынын айтымына караганда, мындай чоң салмакта балдар биринчи жолу төрөлүп жаткан жок. Буга чейин январь айында 5,3 килограмм салмакта, ошондой эле 5,5 килограмм салмакта төрөлгөн ымыркайлар болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jypara1415
2014-05-21 13:26:48
Эне - бала ден - соолукта болушсун !
+6
aikol87
2014-05-21 14:58:36
Омурун берсин.
+6
askat1985
2014-05-21 16:05:45
баатыр болот го
+3
kama_future_millioner
2014-05-21 16:23:10
Омурун берсин ымыркайдын
+4
kg91
2014-05-21 16:33:03
Манастай баатыр болсо кана
+7
aidai88
2014-05-21 16:37:05
омуру менен болсун!
+4
Arti
2014-05-21 17:38:21
Манас торолгонго. Омуру узун болсун.
+6
elzat150498
2014-05-22 00:51:45
омурлуу болсун.Мындай корунуш биринчи эле эмес. Мен Москвада им.Сеченованын роддомунда иштегем 6.700кг торолгон баланы коргом.
+3
suyom_seni
2014-05-22 08:59:03
Апасына ден соолук, Баласына омур берсин!)
0
Dalil
2014-05-22 13:38:13
Кыргыздын намысына жараган жигит болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан